Швециянын Эребру шаарындагы мектепте ок атылып, беш киши жараат алды
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.30да болгон. Полиция аны "адам өлтүрүү аракети, өрт коюу жана курал колдонуу менен оор кылмыш" деп сыпаттап, элди ал райондон оолак болууга чакырды.
Болжол менен ок атуу чоңдор үчүн билим берүү борборунда болгон. Ага адатта мектепти аяктабагандар барат. Бирок айланада балдардын мектептери да жайгашкан.
Эребру башкалаа Стокгольмдон 200 чакырым алыстыкта орун алган.
Юстиция министри Гуннар Строммер кол салууну олуттуу окуя деп атап, өкмөт полиция менен иштеп жатканын билдирди.