Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Түркия: Ожалан "тарыхый кайрылуу жасарын" күрдчүл партия билдирди

0
Күрддөрдүн жумушчу партиясынын (PKK) камактагы лидери Абдулла Ожалан жакынкы күндөрдө “тарыхый кайрылуу жасайт”. Бул тууралуу күрддөрдүн таламын талашкан DEM партиясы билдирди.


Түркия, АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган PKK көз карандысыздык жана кеңири автономия үчүн күрөшүп, 1984-жылы түрк мамлекетине каршы согуш баштаган.


Анкара менен топ ортосундагы сүйлөшүүлөр 2015-жылы үзгүлтүккө учурап, жаңжал кайра тутанган. Куралдуу тиреш 40 миңден көп кишинин өмүрүн алды.


Түрк маалымат каражаттары Ожалан билдирүүсү үчүн 15-февралды тандашы ыктымал деп жазышат. Ал дал ошол күнү 1999-жылы Кенияда камакка алынган. Ошондон бери Стамбулдун жанындагы абакта отурат.


Акыркы айларда ортодогу мамилелер жумшаргандай. Өкмөт күрдчүл оппозициялык DEM партиясынын депутаттарына абакка барып, 75 жаштагы Ожалан менен жолугушууга уруксат берген.


Шейшембиде партиянын тең төрагасы Тунжер Бакирхан “күрд маселесин чечүү үчүн Ожалан мырза тарыхый чакырык жасаганы жатат” деп парламентте билдирди.


Саясатчы “Эми бардыгы Эрдогандын колунда” деп кошумчалады.


Өткөн айда президент сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык бере баштаганын кубаттап, “этият оптимисттик маанайда” экенин айткан.


Сүйлөшүүлөр Түркиянын улутчул партиясынын лидери Девлет Бахчели Ожалан парламентке келип, KЖПнын таркатылганын жарыяласын, аны эркиндикке чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралсын деген сунушунан кийин жанданган.


Ожалан түрктөр менен күрддөрдүн жакындашуусу “тарыхый жоопкерчилик” экенин айтып, Анкаранын жарашуу аракеттерине катышуу ниетин билдирген.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова победила Соррибес-Тормо и вышла во второй круг турнира WTA в Клуж-Напоке






Вильфанд: температура на 6-12 градусов ниже нормы ожидается в шести регионах РФ

Черная волна: загрязнение мазутом может дойти до Болгарии и Турции

В Москве на 12% сократится ввод жилья массового сегмента

Сергей Собянин: Открытия молодых ученых имеют большое значение для страны