Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Депутат Талиева орус өкмөт башчысы Мишустиндин сөзүн сынга алды

0
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин “Кыргызстанда орус ишканалары кысымга жана опузалоого кабылганы тууралуу” сөзүнө татыктуу жооп бере алган жок деп сынга алды. Бул тууралуу депутат парламенттин 5-февралдагы жыйынында айтты.


“Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз. 50 млн доллар карызың болсо төлөш керек аны деп жооп бере албай койду да. Бизге “мыйзамсыз аракет, басым, талоончулук” деген негизсиз кинелер коюлуп калды. Михаил Мишустин улам-улам “Киргизия, Киргизия” дейт. Биздин мамлекеттин Кыргыз Республикасы деген мыйзамдуу аталышы бар. Эмне үчүн Киргизия дейт? Өкмөт башчыбыз дипломатиялык тил менен жооп бере албай койду. “Темирди кызуусунда чап” дегендей, кинеге ошол жерде жооп бериш керек эле”, - деди ал.


Ушул эле жыйында Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жанар Акаев Михаил Мишустиндин “орусиялык компаниялар Кыргызстанда кысымга кабылып жатканы” тууралуу билдирүүсү негизсиз болгонун айтты.


Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен 31-январда Алматыда жолукканда Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга “кысымын жана негизсиз дооматтарын” токтотушу керектигин талап кылган. Бул кыргыз коомчулугунда талкуу жаратып, “Орусиянын өкмөт башчысы Кыргызстандын өкмөтүнө көрсөтмө бере албасын” белгилеген пикирлер айтылган.


3-февралда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Михаил Мишустиндин орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу дооматына жооп берген. Ал коюлган дооматтарды четке кагып “Михаил Мишустин чарбалык маселеге саясий боек берип жибергенин” билдирген. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина получила хорошую новость перед стартом на турнире в Абу-Даби






Новый производственный комплекс в Люблине

Минэкологии пресекло незаконный сброс отходов в Волоколамске и Можайске

Предприятия Москвы увеличили объемы производства ювелирных изделий

Московский суд оштрафовал музыкальный сервис Spotify на 10 миллионов рублей