Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Билим берүүдөгү инновациялар боюнча улуттук форум өтүүдө

0
Бишкекте бүгүн 5-февралда билим берүүдөгү инновациялар боюнча улуттук форум өтүүдө. Иш-чараны Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурду.


“Билим берүүдөгү инновациялар: иш берүүчүлөр

жана бизнес-ассоциациялар формалдуу эмес билим берүүнүн өнүгүшүнүн жана өзгөрүшүнүн кыймылдаткычы” деген темада өтүп жаткан форумга мамлекеттик органдардын, бизнес- ассоциациялардын, формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.




Уюштуруучулар белгилегендей, Кыргызстандын эмгек рыногу азыркы тапта жумуш күчүн өнүктүрүүдө жаңы ыкмаларды талап кылууда. Адаттагыдай (формалдуу) кесиптик билим берүү фундаменталдуу ролго дагы эле ээ, бирок формалдуу эмес багыт да рынок талаптарына ылайыкташууга, жумушсуздарды жана кесиптик деңгээли төмөн жарандарды кыска мөөнөттө окутуп, алардын ишке орношуусун жеңилдетүүгө жардам берүүдө.


 Формалдуу эмес билим берүү – салттуу билим берүү мекемелеринен жана формалдуу программалардан тышкары окутуу процесси. Бул концепция адамдын жеке тажрыйбасына жана жеке кызыкчылыктарына негизделген билим берүүнүн бардык түрлөрүн камтыйт.


Эл аралык эмгек уюму Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3,3 процент экенин былтыр жыл соңунда билдирген. Бирок чыныгы көрсөткүч кыйла жогору экенин бейрасмий булактар айтып келишет. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Буэнос-Айрес (ATP). 1-й круг. Карбаллес Баэна встретится с Лайовичем, Дьере – с Мюллером






Экс-вратарь сборной России рассказал о потере денег после развода

В Гостином дворе состоялось патриотическое событие «Синий платочек Победы»: символ женской верности и веры в Победу

Рябков заявил о пребывании отношений РФ и США на грани разрыва

«Уверовали в безнаказанность»: задержаны отобравшие квартиру знаменитого режиссера мошенники