Ишкер Аскар Салымбековго "Эмгек Баатыры" даражасы ыйгарылды
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация кабарлады. Салымбековго мындай наам Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн берилгени жарлыкта белгиленген.
Белгилүү олигарх Аскар Салымбеков Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мэри болгон. Ал “Эмгек” саясий партиясын түптөп, 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, босого чектен өтпөй калган.
“Дордой Ассоциациясы” бирикмесинин ардактуу президенти. Ушул күндөрү Салымбековдун 70 жылдык мааракеси белгиленип жатат. (КЕ)