Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кемпир-Абад иши: фоноскопиялык жана техникалык экспертиза жүргүзүү сунушталды

0
Бишкек шаардык сотунда 5-февралга белгиленген Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян болбой калды. Бул тууралуу ушул иш боюнча айып тагылып, райондук сотто акталган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, бул иш боюнча райондук сотто акталган саясатчы жана активисттер шаардык сотко фоноскопиялык жана техникалык экспертиза өткөрүү боюнча өтүнүч беришкен.



"Бизди отурган жайдагы сөзүбүздүн аудио жазуусун далил катарында камашкан. Ошондо "төңкөрүш өткөрүп, башаламандык уюштуруп жатат" деген жүйөнү карманышкан. Бирок ИИМ биздин сөзүбүздү, аудио жазууларды бир дагы жерде техникалык, фоноскопиялык экспертизадан өткөргөн эмес. Ал жерде кимдердин сөзү, кандай айтылган, бири-бирине туура келеби, бир убакта жазылганбы, кимдер ал сөздөрдү стенограммага түшүргөн - азырынча белгисиз. Ошондуктан биз ушундай өтүнүч бердик. Тилекке каршы, сот азырынча бул маселе актуалдуу эмес, мүмкүн, кийин кайрылабыз деген жүйө менен биздин өтүнүчтү ачык калтырды", - деген Жээнбеков.



Буга чейин 17-январда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча жараян уланып, судьялар сот ишин ачык кароодон баш тарткан.




Ошондой эле айыпталуучулар менен адвокаттар судьялардан ишти сот арачылары менен өткөрүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Бул өтүнүч кийинки соттук отурумда карала турган болгон.



Шаардык сотто Кемпир-Абад иши 2024-жылы 6-августта карала баштаган. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүү менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.



Ага чейин, 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча шектелген 22 саясатчы жана активист Биринчи май райондук сотунда акталган. Кылмыш ишин милиция козгогон.



Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип: “Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация”, - деген.



Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алар тагылган айыпты саясий куугунтук катары сыпаттап келет.



Кемпир-Абад ишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы “жашыруун” грифин койгон. (КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина начала работать с бывшим тренером Динары Сафиной






РусГидро нарастило установленную мощность Саратовской ГЭС до 1469 МВт

Барбара де Рехиль: Хочу сыграть в русском боевике

Человек погиб в результате аварии с участием BMW и такси в Москве

Пропуск на мкад для грузовых машин