Трамп палестиндерге Газадан көчүүнү сунуштап, аймактын экономикасын өнүктүрө турганын айтты
Трамп Вашингтондо иш сапары менен жүргөн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен биргелешкен маалымат жыйынында өзүнүн мындай күтүүсүз планын ачыкка чыгарды.
Нетаньяху Дональд Трамп 20-январда бийликке келгенден бери Ак үйгө чакырылган биринчи чет элдик лидер болду.
Трамп Иордания, Египет жана башка араб мамлекеттерин Газанын тургундарын кабыл алууга чакырып, палестиндердин аймакты таштап кетүүдөн башка аргасы жок экенин айтты.
Анын пикиринде, тилке Израил менен АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюмунун ортосундагы дээрлик 16 айга созулган согуштан кийин калыбына келтирүүгө муктаж.
Буга чейин Израил жана Газа тилкеси менен кошуна өлкөлөр палестин качкындарын кабыл алууну каалабай турганын бир нече жолу айтышкан.
4-февралда АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюмунун саясий бюросундагы булак алар ок атууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо келишиминин экинчи баскычын талкуулоого даяр экенин билдирген. Ушул эле күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Дохадагы сүйлөшүүлөргө делегация жөнөгөнү жатканын билдирди.
15-январда арачылардын (АКШ, Катар, Египет) жардамы менен макулдашылган келишимге ылайык, экинчи этап тууралуу талкуу 4-февралда башталууга тийиш.
Келишим 19-январда, ок атуу токтоп, барымтадагы үч киши коё берилгенде аткарыла баштаган. Ошондон бери ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда барымтага алынган 18 кишини бошотту, Израилдин түрмөлөрүнөн жүздөгөн туткундар эркиндикке чыкты. (AiA)