Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Вице-спикер Президенттин аппараты ЖКнын аппаратына кысым кылып жатканын айтты

0
Жогорку Кеңеште айрым депутаттар парламент кабыл алган мыйзам долбоорлорунун кээ бир беренелери президентке кол коюуга өзгөртүлүп киргизилип жатканын айтып чыгышты. Бул маселе парламенттин 5-февралдагы жыйынында Эмгек кодекси боюнча талкууда айтылды.


Депутат Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаров ушул жылдын 24-январында жаңы Эмгек кодексине кол койгонун, бирок анын 120-беренесинде (“Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар”) Жогорку Кеңеш кабыл алган пункттар өзгөрүлүп кеткенин айтты.


Депутат Балбак Түлөбаев бул берененин бешинчи пунктундагы “деңиз деңгээлинен 1800 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 12 календардык күн” деген жериндеги сан 2000 деп өзгөртүлүп, президент ошол мыйзамга кол койгонун билдирди. Жыйынтыгында маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.


Дагы бир депутат Камила Талиева да буга чейин парламент мектептерде балдардын тамактануусу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин президентке киргенде документ өзгөртүлүп кеткенин кабарлады. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев президенттин аппараттын басым-кысымга айыптады.


“Мындай окуялар бир эле Социалдык комитетте эмес, буга чейин да болуп келген. Президенттин аппараты, юристтери Жогорку Кеңештин аппаратын минип алышкан да. Биз (Жогорку Кеңеш) кабыл алгандай эмес, булар (Президенттин аппараты) айткандай кылышат. Ошондуктан ар бир комитетти изилдеп чыгышыбыз керек”, - деди ал.


2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.


Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланат.


Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерди позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сындар айтылып келет. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Медведев победил Вавринку и вышел во второй круг турнира ATP в Роттердаме






Экономия в сотни тысяч рублей: эти машины продают сейчас с большими скидками

Почти половина россиян не знает о бесплатной ранней диагностике рака

Юрист Русяев: чемпиону РФ по легкой атлетике Толстихину грозит срок

Сергей Собянин. Неделя мэра