Сот Динара Кутманова менен анын уулун сегиз жылдан абакка кести
Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов болсо Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен айыптуу деп табылып, ал да сегиз жылга соттолду. Мүлкү мамлекетке алынды.
2023-жылдын 25-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Ал министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема уюштурган деп билдирген.
Ал министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан 2023-жылы мартта алынган. Динара Кутманова өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.
Анын уулу Кемелбек Кутманов 2023-жылдын 17-октябрында Түркиядан Кыргызстанга алып келинген. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Кутманов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгенин билдирген. (BTo)