Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Британ компаниясы Кыргызстанда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод курат

0
Кыргызстан менен Улуу Британиянын Concrete canvas компаниясынын ортосунда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу 6-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Расмий маалыматка караганда, заводдун пландаштырылган кубаттуулугу жылына кеминде 5 миллион м² ийилме бетон чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.



“Биз 100 тонна цементтин ордуна 5 гана тонна колдонуп, жогорку натыйжага жетишип, ошол эле учурда монтаждоо ылдамдыгын да жогорулата алабыз. Бул технологияны колдонуу менен биз замандын талабына жооп бергидей иштейбиз”, – деди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.


Ал ошондой эле бул долбоор “мамлекет менен бизнестин натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү” экенин белгиледи.




Маалыматта завод кайда курулары жана курулуш иштери качан башталары белгиленген эмес.



Келишимге кол коюу аземине Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер катышты.



Ийилме бетон плиталары курулуш-монтаждоо иштерин тездетет, ал айлана-чөйрөгө зыяны аз инновациялык материал. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев вышел в четвертьфинал теннисного турнира в Роттердаме






МИД Великобритании лишил аккредитации дипломата из России

Врач-гигиенист клиники «Мегастом» Инна Гришина: вредят ли зубам отбеливающие порошки

В Москве обсудили сотрудничество России со странами Африки

Новак: Россия создаст фонд поддержки малого и среднего бизнеса Абхазии