Садыр Жапаров Брунейди адал индустриясы жаатында кызматташууга чакырды
Маалыматка ылайык, Жапаров Кыргызстан адал индустриясы жаатында Брунейдин тажрыйбасына кызыкдар экенин айтты.
"Садыр Жапаров Кыргызстан эл аралык транспорттук коридорлорду, атап айтканда, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун активдүү өнүктүрүп жатканын, ал Борбор Азиянын дүйнөлүк рыноктор менен, анын ичинде АСЕАН өлкөлөрү менен соода байланыштарын кыйла кеңейтерин белгиледи. Ал өнөктөштүктүн мүмкүн болгон багыттары катары энергетика, IT-сектору, чийки затты кайра иштетүү, ошондой эле адал индустрияны өнүктүрүүнү белгиледи. Жапаров Кыргызстан адал өнүмдү сертификациялоонун эл аралык стандарттарын түзүүгө умтулуп жатканын баса белгилеп, бул жаатта Бруней менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде султан Хассанал Болкиах эки жана көп тараптуу бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экендигине ишенимин билдирди",-деп жазылган маалыматта.
AСЕАН бирикмеси 1967-жылы негизделген жана ага Брунейден сырткары Вьетнам, Таиланд, Филиппиндер, Лаос, Камбожа, Мьянма, Малайзия, Сингапур жана Индонезия мүчө.
Буга чейин кыргыз өкмөтү өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларга "адал" деген сертификат берилерин билдирген. Буга байланыштуу былтыр атайын мыйзам долбоор кабыл алынып, кол коюлган.
Соңку жылдаран бери Кыргызстандын коомчулугунда адал түшүнүгү кеңири жайылууда. Дүкөндөрдө, тамактануу жайларында "адал" деп аталган азыктарга суроо-талап чоң. Той-топурлар, коомдук иш-чаралар "адал" тартиби менен өтүп келет.