Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ӨКМ жетекчилердин атын атаган алдамчылар пайда болгонун эскертти

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аталган мекеменин жетекчилеринин атын атаган алдамчылар пайда болгонун эскертти. Анда телефон шылуундары кызматкерлерге түрдүү шылтоо менен тапшырмаларды берип мессенжерлерден жазып жатканы айтылат.


"Министрликтин жетекчилеринин сүрөтүн коюп, аты-жөнүн жазып, министрликтин кызматкерлерине бейтааныш номерлер аркылуу түрдүү шылтоолор менен тапшырмаларды берип жатат. Эгер сиз ушундай учурга кабылсаңыз, сөзсүз түрдө жетекчиге түз чыгып, маалыматты тактап алыңыз",-деп жазылган маалыматта.


Буга чейин Ички иштер министрлиги дагы жетекчилеринин сүрөттөрү колдонулган жалган жарнамалык билдирүүлөр тарап жатканын билдирген. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бир адам кармалганын кабарлаган, тинтүү учурунда банк карталары, уюлдук компаниялардын 90 даанадан ашык сим-карталары, сим-бокс жабдуулары табылып, алынганын маалымдаган.




Улуттук коопсуздук комитети телефон чалып, өзүн атайын кызматтын өкүлү катары тааныштырып, шылуундук кылгандар тууралуу билдирүү таратып, жарандарды аларга алданбоого чакырган.


Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.


Сим-бокс (SimBox) - бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү деп жашыруу үчүн колдонулуучу шайман. Алдамчылыктын бул ыкмасын шылуундар көбүнчө эл аралык чалууларды ички же акысыз чалуулардын баасына жасоо үчүн колдонушат.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина проиграла американке Крюгер во втором круге турнира WTA в Абу-Даби






Главный онколог Москвы заявил о росте случаев рака толстой кишки среди молодых

Пожар на Электрозаводе в Москве ликвидировали, госпитализировали 5 человек

Неизвестный мужчина в Москве разбил стекло машины фигуристки Нугумановой

Москвич получил ожоги 50 процентов тела из-за вспыхнувшего моноколеса