Орусияда 30дан ашык мигрант көзөмөл реестрине жаңылыш кирип калганын билдирди
Аталган реестр 5-февралда ишке кирген. Укук коргоочунун айтымында, эки күн ичинде ага 31 адам кайрылган. Алардын 13ү кыргызстандык, сегизи тажикстандык жана жетөө өзбекстандык мигранттар. Андан тышкары Армения, Азербайжан жана Түркмөнстандын жарандары кайрылган.
Алардын көбү реестерге кирип калганын банктардын маалымдамасынан билгенин айтышкан. Baza Телеграм-каналы бул тизмеге кирген жүздөгөн чет элдиктердин банк эсептери бөгөттөлгөнүн жазды. Реестерге түшүп калган мигранттардын көбү Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн айтышкан. Мындан улам Чупик аларга банктардагы акчаларын чыгарып кетүүнү сунуштады.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Телеграм-канал аркылуу реестр иштей баштаган бир сутканын ичинде бийлик 60 миңдей мигрантты текшерип, анын жыйынтыгында жети миңи "кара тизмеге" киргенин билдирди. Реестрдеги маалыматтар ар төрт саатта жаңыланып турат.
Орусияда 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Өлкөдөн чыгарыла турган чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет.