Кыргызстанда картошканын баасы кымбаттаганы кызуу талкууга түштү. Бааны турукташтыруу боюнча өкмөт картошканы экспорттоого чектөө ниетин да билдирди. Айыл чарба продукциялары боюнча министрлик дыйкандарга кандай сунуштарды берет? Жаз алды менен айдап себүү иштерине даярдык кандай? Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев "Азаттыктын" студиясына келип, суроолорго жооп берди.