Кадырбек Атамбаев Султанбеков сотко жеткирерде эсин жоготконун билдирди
Султанбековдун жактоочуларынын билдиришинче, Бишкектеги Свердлов райондук соту 8-февралда "Социал-демократтар" партиясынын лидери жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартууну карамак. Отурум тууралуу алдын ала айтылган эмес жана адвокаттарга процесске бир саат калганда гана кабар берилген.
Бишкек шаардык ички иштер башмармалыгы жана сот органдары азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.
Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган. Ал дооматтардын баарын четке кагып, кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялаган жана муну "мыйзамсыз иштерге каршылык" деп түшүндүргөн.
Бишкек шаардык соту 29-январда Султанбековдун жана партия мүчөлөрүнүн бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке кагып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, уюмдар Султанбеков менен анын партиялаштарын бошотуу тууралуу бийликке кайрылып келет.