Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч израилдик туткунду бошотту

0
Палестинадагы ХАМАС (АКШ менен Европада террористтик уюм деп таанылган) радикал тобу 8-февралда барымтадагы дагы үч Израилдин жаранын бошотту. Алар алгач Кызыл Чырым уюмуна өткөрүлүп берилди жана андан ары израилдик аскерлер алып кетти.



ЦАХАЛ барымтадан бошогондор чек арадан өткөнүн, алгачкы медициналык кароодон өткөрүлөрүн маалымдады.


Туткундар барымтада жалпы 491 күн болушту. The Times of Israel басылмасы туткундарды бошотор алдында ХАМАС аларды коомчулукка көрсөткөнүн, алар ал-шайы кетип, алсырап турган абалда болгонун жазды.



Израил өз кезегинде 183 палестинди бошотот, алардын арасында өмүрүнүн акырына чейин кесилгендер бар.



ХАМАС 1-февралда дагы Израилге үч туткунду өткөрүп берген.



Бул 17-январда ок атышууну убактылуу токтотуу келишими күчүнө киргенден берки бешинчи жолку туткун алмашуу болуп калды. Макулдашуунун биринчи этабында ХАМАС жалпы 33 адамды эркиндикке чыгарышы керек.




Согушкерлер Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.



Хамасчылардан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв пробился в четвертьфинал турнира ATP в Роттердаме






Боксер из Сунтара претендует на титул чемпиона страны среди профессионалов

В первые часы акции диктант «Наука во имя Победы» написали 229 тысяч человек

США переманивают ключевого союзника России: как повлияет новый военный меморандум и чем это грозит Москве?

Ягудин: если есть возможность выступить в нейтральном статусе — надо хвататься