Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Мюнхенде ашынган оңчулдарга каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттү

0
Мюнхенде ашынган оңчул "Германия үчүн альтернатива" партиясына каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттү. Бул тууралуу Би-Би-Си өлкөнүн полициясына шилтеме кылып кабарлады.


Демонстрация парламенттик шайлоого туура эки апта калганда уюштурулду. Каршы болгондор аталган партия маарага экинчи болуп келип, башкаруучу коалиция кошулушу ыктымал деп чочулап жатат.


Былтыр ноябрда башкаруучу коалиция ыдыраган жана көп өтпөй парламентте немис канцлери Олаф Шольцко ишеним көрсөтүлгөн эмес. Шольц анда коалицияны ыдыратканы үчүн “Эркин демократиялык партияны” айыптаган.


Ноябрда немис канцлери аталган партиянын лидери Кристиан Линднерди бюджет талаштан улам финансы министри кызматынан алган.


Сурамжылоолорго караганда, шайлоо өнөктүгүндө Христиан-демократиялык союзу менен Христиан социалдык союзунун консервативдүү блогу (ХДС/ХСС) алдыда баратат.


Экинчи орунда оңчул популисттердин “Германия үчүн альтернатива” тобу турат. Бирок алар менен коалиция түзүүнү башка саясий күчтөр көп каалабайт.


Шольцтун Социал-демократтар партиясы андан кийинки сапка жайгашкан жана анын коалициядагы өнөктөшү – “Жашылдар” партиясы төртүнчү орунда.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рыбакина совершила впечатляющий рывок в чемпионской гонке WTA






«Ждите гостей» с 12 февраля: за такую ванну заплатите за воду не по счётчику, а по нормативу — новые правила и штрафы

Александр Савельев: «Фасадные ламели становятся все более популярными»

Московский подрядчик не смог за три месяца спроектировать и построить арендные дома

Нижегородцы побили рекорд по трафику на Ярмарке во время выставки «АРТ МИР»