Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Жалган жалаа үчүн айып каралган мыйзам 10-февралдан тартып күчүнө кирет

0

Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам 10-февралдан тартып күчүнө кирет. Документке Садыр Жапаров өткөн айдын аягында кол койгон.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун былтыр жыл аягында кабыл алган.

Эми мазактоо жана жалаа жабууга байланыштуу арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.

Документтин баштапкы вариантында кайсы бир адамдын арызынан улам айып пул салуу же салбоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилгени жазылган. Ошондой эле жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилери белгиленген.

Бул коомчулукта нааразылык жаратып, кийин айып пул азайтылган жана арыздарды карай турган орган алмашкан.

Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келишет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Алекс Де Минор

Де Минор стал финалистом турнира в Роттердаме






«Русгидро» для руководства построит семь домов в Соснах по соседству с губернатором края

«Церковные» мошенники объявились в России

HR-эксперт Чукина: зарплата в сфере услуг составляет около 100 тыс. рублей

Источник 360.ru: один ребенок и 4 взрослых пострадали при пожаре в Москве