Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

MCN coin'ге акчасын алдаткан 900гө жакын кишиге 1 млн 700 миң доллар кайтарылды

0
MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Ал MCN coin'ге каражат салып кайра ала албай калган адамдар дагы деле арыз берип, алар териштирилип жатканын кошумчалады.


“Ички иштер министрлиги бул боюнча 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкек шаарынын эки райондук милициясында каралууда”, - деди ал.


Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалды. Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.




Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана элден кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.


УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.


Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN coin Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскерткен.


Соңку айларда Кыргызстанда бул криптоактивди жарнамалоо күчөгөн. Аны уюштургандар ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар “тез эле миллионер болот” деп убада кылып келген. Ага коомчулукк аты белгилүү адамдар да тартылган.


Адистер бул “каржы пирамидасы” экенин белгилеп, андан оолак болууну эскертишкен. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Даллас (ATP). 1/2 финала. Рууд встретится с Муньяром, Пол – с Шаповаловым






Сергей Собянин. Главное за день

Россельхознадзор продолжает выявлять фальсификат в магазинах сети «Светофор»

Российские тяговые батареи для погрузчиков

Самолёт Пхукет-Москва совершил незапланированную посадку в Бангкоке из-за неисправности шасси