Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Шаардык сот Султанбековдун кармалганы боюнча прокуратурага каршы арызды четке какты

0
10-февралда Бишкек шаардык сотунда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жактоочуларынын прокуратурага каршы жазган арызы каралып, канааттандырылган жок. Сот Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.


Буга чейин жактоочулар Султанбековго кылмыш иши мыйзамсыз козголуп, талапкер макамына карабай айыпталуучу катары жоопко тартуу токтому чыкканы жана мыйзамсыз кармалганына прокуратура кызматкерлери чара көргөн эмес деген негизде Свердлов райондук сотуна арызданган. Сот арызды канааттандырган эмес.




Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган.


Ал дооматтардын баарын четке кагып, кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялаган жана муну "мыйзамсыз иштерге каршылык" деп түшүндүргөн. Ошондон бери анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылган. Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.


Бишкектеги Свердлов райондук соту 8-февралда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты. (MkT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Буэнос-Айрес (ATP). 1-й круг. Карбаллес Баэна встретится с Лайовичем, Дьере – с Мюллером






Превышение уровня токсинов в тысячу раз обнаружили в реке в Ленобласти

Во Владимире задержан 18-летний юноша за кражу авто на Тракторной

В Москве девушка угнала BMW молодого человека на первом свидании

Дело в препаратах. Терапевт Хухрев о причинах заражения крови после ЭКО