Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

"Крокустагы" кол салуу боюнча тергөө аяктап калды, иш мартта сотко өтүшү мүмкүн

0

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча иш тергелип бүтүп, мартта сот башталышы мүмкүн. Бул тууралуу "Свобода" радиосу "Коммерсант" басылмасына шилтеме кылып жазды. Маалыматка караганда, 27 кишиге коюлган айып боюнча тергөө иштери өтө тездикте, бир жылга жетпей аяктады.

6-февралда ТАСС агенттигине айыпталуучулардын биринин жактоочусу Олег Власов тараптар иштин материалдары менен тааныша баштаганын билдирди. "Коммерсант" жазгандай, тергөө 27 айыпталуучу өздөрүнө түздөн-түз тиешеси бар материалдар менен гана таанышса болот деген чечим кабыл алган. Калган 100 тому менен толук таанышпайт. Бул чечим материалдар менен таанышуу жараянын кыскартуу аракети катары түшүндүрүлүп жатат.

Март айында кылмыш иши Башкы прокуратурага бекитүү үчүн жиберилери күтүлүүдө. Теракттын бир жылдыгына, 22-мартка карата иш сотко өткөрүлүшү мүмкүн. Терактка байланышкан кылмыш ишин Орусиянын Тергөө комитети тергеди.

"Коммерсант" жазгандай, сот теракт боюнча негизги кылмыш ишинен ажыратылган материалдарды карайт. Чет өлкөдөгү аты-жөнү аталбаган уюштуруучуларды аныктоо максатында тергөө улантыла берет.

Буга чейин кол салууга байланыштуу тажикстандык Далержон Мирзоевге, Саидакрам Ражабализодага, Шамсидин Фаридуниге жана Мухаммадсобир Файзовго айып тагылган. Төртөө тең кармалганда, суракка алынганда кыйноого кабылганы маалым болгон. Айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Коркус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынып, башка өлкөлөрдөн барган жарандар кыйын кырдаалга туш болууда.

Окуяга тиешеси бар деп жалпы 27 киши кармалган.

2024-жылы 22-мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна куралдуу кол салуу болуп, 146 адамдын өмүрү кыйылган, 500дөн ашууну жабыркаган. (AiA)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Медведев и Джокович опустились в рейтинге ATP






Москвичка угнала BMW ухажера на первом свидании

«Самый добрый клоун»: Юрий Куклачёв, его династия и звёзды эстрады и цирка представят уникальный бенефис в городах России

Превышение уровня токсинов в тысячу раз обнаружили в реке в Ленобласти

Путин: Стриженов был из тех творцов, для которых кинематограф — призвание