Кыргызстанда орточо айлык акы 37 миң 360 сом деп эсептелди
Былтыр өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) 1,5 триллион сомдон ашып, 9% өскөнү кабарланган. Быйылкы жылы республикалык бюджеттин кирешеси 430 миллиард 244,6 млн сом, чыгашасы 405 миллиард 946,7 миллион сом болот.
Быйыл январь айында ИДӨ 96,8 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь айына салыштырганда 10,6% көбөйдү.
ИДӨ - бул өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү.
Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 37 миң сомго жетпей турганын айтышат. (BTo)