ИИМ Кыргызстанда 25 миңдей видео камера орнотулганын билдирди
Анын сөзүнө караганда, буга чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өлкөдө 12 миң камера коюлган. Эми “Коопсуз өлкө” долбоору ишке ашса шаар, айылдарда 25 миңдей камера иштеп, министрликтин борбордук тутумуна кошулат.
“Мисалы, биз Бишкекте туруп эле Чаткалда же Нарында, ошондой эле ар бир айылда эмне болуп жатканын көрө алабыз. Андан тышкары мектептердеги абалды да байкап, көрүп турабыз”, - деди ал.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы сентябрь айында “Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге өткөрүп берген. Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.
Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору былтыр 16-сентябрда иштей баштаган. 60 жерге камера орнотулуп, жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пулдар салынат.
“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.
Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жакында эле алдыда “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашырып, андан кийин “Акылдуу айыл”, “Акылдуу шаар” долбоорлору да колго алына турганын айткан. (BTo)