Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис 12-февралдан тарта кызматтан кетет

0
Румыниянын президенти Клаус Йоханнис 12-февралдан тарта кызматтан кетүү чечимин жарыялады. Дүйшөмбүдө оппозициялык партиялар мамлекет башчыга импичмент жарыялоо боюнча парламентке добуш берүүнү талап кылышкан.


Кызматтан кеткен президент Йоханнистин мөөнөтү 21-декабрда аяктаган. Бирок президенттик шайлоонун биринчи айлампасы жокко чыгарылып, жаңы президент шайланган эмес.


"Мен өлкөнү мүмкүн болуучу терс кесепеттерден коргоо үчүн отставкага кетип жатам" деди Йоханнис.


Президентти кызматтан кетирүү процедурасын парламентте оппозициялык POT, AUR, SOS жана USR партиялары демилге көтөрүп, бул сунуш 178 кол топтогон. Добуштардын саны маселени пленардык жыйынга алып чыгуу үчүн жетиштүү болгону менен биротоло бекитүү үчүн аздык кылат. Президентти кызматтан алуу үчүн 233 добуш керек.


“Азаттык” радиосунун румын кызматы учурда демилге көтөргөн тарап 215 добушка ээ болгонун жазды.


Буга чейин Йоханнис отставкага кетүүсүнө эч кандай себеп көрбөй турганын, ал конституциялык нормаларды бузбаганын жана жаңы президент шайлангандан кийин кызматтан кетерин баса белгилеген.


Президенттин айтымында, импичмент процессининин башталышы өлкөнүн ички абалына да, Румыниянын эл аралык мамилелерине да терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон саясий кризиске алып келди.




Румыниянын конституциясына ылайык, мамлекет башчы кызматтан кеткен учурда үч айдын ичинде жаңы президентти шайлоо өтүшү керек.


Былтыр 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску жеңишке жеткен.


Андан көп өтпөй Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия ТикТокто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн.


Конституциялык соттун чечими менен шайлоо жокко чыгарылып, анын экинчи айлампасы өткөрүлгөн эмес.


Орусия Румыниядагы шайлоого кандайдыр бир тиешеси бардыгын четке кагып келет. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова обыграла Саснович и вышла в финал теннисного турнира в Румынии






Инвесторы, возглавляемые Маском, сделали предложение в размере $97,4 миллиарда за OpenAI.

Москвичка купила во «ВкусВилле» кишащую червями рыбу

В России могут составить список разрешенных имен для новорожденных

Март шокирует россиян своими аномалиями: что нам обещают метеорологи