Өзбекстан: Ооганстандан 600 кг кара куурайдын чайырын алып өткөн адам кармалды
Жалпы жонунан жүктүн салмагы 13,5 тоннаны түзгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кара куурайдын чайырынын "көмүскө базардагы" баасы 16,5 миллион доллардан ашат. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
2024-жылы май айында Өзбекстандын чек арасынан Тажикстан менен Ооганстандан ташып келинген 78 кг ашык маңзатты алып өткөн адам кармалган. 2024-жылы октябрь айында коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматы Ооганстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан ташып келинген 47,2 кг маңзатты таратуу аракетине бөгөт коюлганын билдирген. (AiA)