Жекшембиде Израил Газадагы стратегиялык Нецарим коридорунан аскерлерин чыгарып кетти. Мындай шарт ок атышууну токтотуу келишиминде каралган. Анын алдыңкы күнү АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алган дагы үч кишини бошоткон. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Газаны өз карамагына алуу ниетин кайталады.