Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

БУУ: Бангладештин мурдагы жетекчилери адам укуктарын бузган

0
Бангладештин мурдагы аткаминерлери жана коопсуздук кызматы "былтыр жайында нааразылыгын билдирип чыккан демонстранттардын адам укуктарын бузган". БУУнун Адам укуктары боюнча мекемеси ушундай жыйынтыкка келди.


12-февралда жогорку комиссар Волкер Түрк ал окуялар боюнча баяндама менен тааныштырып, жапырт камоолор, коркутуулардын тушунда адамзатка каршы кылмыш жасалган болушу ыктымал деп айтты.


"Бангладештин жогорку расмий өкүлдөрү айткан маалыматтар жана башка фактылар өкмөткө каршы чыккандарды жана аларга жан тарткандарды аёосуз күч менен басуу, куугунтуктоо расмий саясат болгонун көргөздү", - деп белгиленет отчетто.


БУУ мыйзам бузууларды кылмыш ишинин алкагында иликтөөгө чакырды.


170 млн калктуу өлкөдөгү нааразылык акциялары былтыр июлда башталган. Студенттер өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн согушка катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик кызматтардын 30% бөлүнүшүнө каршы чыккан.


Толкундоолордон улам квоталар 5% чейин кыскартылса да, нааразылык акциялары токтомок тургай, тескерисинче күчөгөн.


Демонстранттар өкмөттүн отставкасынан тышкары набыт болгондордун өлүмүн тыкыр иликтөөнү талап кылып жатты.


Бангладешти 15 жыл башкарган Шейх Хасина студенттер баштаган нааразылык акциялар тынчыбай жатканда Индияга чыгып кеткен.


Ал адегенде демократиянын символу катары макталып келип, кийин автократка айланган. Өлкөдө куугунтуктоолор башталган. Хасина жана анын партиясы мыйзамдарды бузганын четке кагууда.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA завершила расследование дела тренера Рыбакиной. Его отстранение оставили в силе






Проведенная в 2024 году экспертиза нормативных правовых актов позволит бизнесу и бюджету Москвы экономить полмиллиарда рублей в год

В Госдуме призвали закрепить на федеральном уровне предоставление скидки многодетным на оплату ЖКУ

Квартиру великого вратаря СССР Дасаева обокрали, пока он был в Европе. Нетронутой оказалась только одна вещь

Фестиваль русского языка, литературы и культуры прошёл в Нью-Дели