Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады

0
Баткен шаарында 2008-жылы туулган М.Ч. жана А.Д. аттуу эки өспүрүм 8-февраль күнү таңкы саат 6:00 чамасында чырдашып, А. Д. аттуу өспүрүм теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жиберген. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 14-февралда билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада жаракат алган бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган.


Милиция билдиргендей, чатак 8-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында башталган, пикир келишпестиктен улам уруша кеткен балдар үйүнө тарап кетишкен.



Бул окуяны Баткен ШИИБи Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен бирдиктүү реестрге каттап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Учурда тергөө жүрүп жатканы, анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери кабарланды.



Теңтушуна бычак шилтеген өспүрүмдүн бөгөт чарасын Баткен райондук сотунун тергөө судьясы 8-февралда карап, ал ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген.



Милициянын белгилешинче, бул эки өспүрүм мектеп окуучулары эмес, алар 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып кетишкен.


Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.


22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.


21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумду.


12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.




Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.


ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны четке каккан.(JsA/ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Фоньини о целях в 37 лет: «Быть в форме, насколько это возможно, и играть в основной сетке «Больших шлемов»






Самохин: будет жаль, если Худайбердиева и Базин завершат карьеру в конце сезона

Где можно недорого отдохнуть на майских праздниках? Вот несколько вариантов

Mash: на «техно-тусовке» Хакамады прошли задержания посетителей

Обвиняемого по делу о ртутных пирогах привезли в Зюзинский суд