Энергетика министринин мурдагы орун басары 20 миң доллар пара алууга шектелип кармалды
Маалыматка ылайык, шектүү Т.Э. майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 000 (эки жүз жыйырма миң) доллар талап кылган. Ошондой эле учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Опузалап өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу") негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Т.Э. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда.
ИИМ Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда электр энергиясынын басымдуу бөлүгүнө майнинг компаниялар отуруп алганын эксперттер такай айтып келишет.
2023-жылдын июлунда “Азаттык” радиосу “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.
Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип, “жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" билдирген. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда катталган майнинг фермалардын саны 31ге жеткенин кеп кылган.
Кармалган шектүүнүн жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек. (ZKo)