Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Amnesty International Астананы Темирлан Еңсебекке тагылган айыптарды алууга чакырды

0
Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Казакстандагы Qaznews24 сатиралык коомдук баракчасынын автору Темирлан Еңсебек кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышын “саясий жүйө” деп атап, бул иш өлкөдөгү “жарандык коомго кеңири кысым көрсөтүүнү” чагылдырарын билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.


Уюмдун Борбор Азия боюнча директору Мэри Струтерстин казак бийлигин Еңсебекти камактан бошотууга жана ага коюлган айыптарды алып салууга чакырган билдирүүсү 14-февралга белгиленген сот отурумунун алдында жарыяланды.


"Бул Казакстандын Кылмыш кодексиндеги "жек көрүүчүлүктү козутуу" деген түшүнүксүз жана жарандык коомго каршы кеңири репрессиянын бир бөлүгү болуп саналган саясий куугунтук. Сөз эркиндиги кылмыш эмес. Бийлик ага каршы пикир жана сынчыл көз карашты басуу үчүн мыйзамдарды кыянаттык менен колдонууну токтотушу керек”, - деди Струтерс.




14-февралда Алматынын Алмалы райондук сотунда Темирлан Еңсебекке каршы козголгон кылмыш иши боюнча боло турган башкы соттук отурум башка күнгө калганы белгилүү болду. Соттук отурум 21-февралда белгиленди.


Быйыл 18-январда Алматы соту Инстаграмдагы QazNews24 сатиралык баракчасынын автору Темирлан Еңсебекти эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ага "социалдык тармактарда этнос аралык кастыкты козуткан" деген берене менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


Темирлан Еңсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.


Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигин Еңсебекти камактан бошотууга жана ага коюлган айыптарды алып салууга чакырышкан. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Бублик

Бублик в двух сетах проиграл на турнире в Марселе






Столичную работу системы отопления скорректировали из-за похолодания

СК: суд арестовал москвичку, попытавшуюся продать дочь за 200 тысяч рублей

Израиль освободил заложников, включая Александра Труфанова с российским паспортом

Mash: на «техно-тусовке» Хакамады прошли задержания посетителей