Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

YouTube дүйнөлүк видеоплатформасы 20 жылдыгын белгиледи

0
Дүйнөлүк онлайн-видеохостинг лидери YouTube 20 жылдыгын белгиледи. 2024-жылы аталган платформа ай сайын 2,5 миллиарддан ашуун көрүүчү жыйнап турган.


PayPal платформасында иштеген кесиптештер Стив Чен, Чад Херли жана Жавед Карим демилгелеген Youtube.com сайты 2005-жылы 14-февралда ишке кирген. Сайтка алгачкы кыска роликти 23-апрелде Жавед Карим Сан-Диегодогу зоопарктан "Мен зоопарктамын" деп атап, жүктөгөн.


2006-жылы сайтты Google компаниясы 1,65 миллиард долларга баалап сатып алган.




Ошондон кийин платформага жайгаштырылган жарнамадан акча төлөө иштей баштаган, бул дүйнө жүзүндөгү аудитория издеген видеооператор, редактор, реклама түзүүчү, реклама берүүчүлөрдүн башын бириктирген.



YouTube бүгүнкү күнү дүйнөдөгү эң чоң видео платформалардын бири, ал колдонуучуларга видео жүктөө, көрүү, бөлүшүү жана комментарий жазуу мүмкүнчүлүгүн берет. YouTube Google корпорациясынын энчиси катары иштейт жана дүйнө жүзүндөгү миллиарддаган колдонуучулар үчүн негизги акысыз видео платформа болуп саналат. Ал билим алуу, көңүл ачуу жана бизнес жүргүзүү үчүн натыйжалуу куралдардын бири.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв обыграл Бублика и вышел во второй круг турнира ATP в Дохе






Красноярец в третий раз стал победителем этапа Кубка России по фристайлу

Лазер решает: научная разработка повысит эффективность обследования возводимых объектов

Школьники и студенты Кузбасса приглашаются участвовать в чемпионате «Знание.Игра»

ГосДума сгорает от любопытства: куда делись тонны долларов и золота, которые Асад привёз в Москву самолётом