Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Бишкекте бир түндө 45 киши мас абалында машина айдаганы үчүн кармалды

0
15-февралга караган түндө Бишкек шаарында мас абалында унаа айдап жүргөн 45 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, бир эле түндө ШИИБдин жол-кайгуул кызматкерлери "Айдоочу" деген атайын рейддин жыйынтыгында 1242 эреже бузуу фактысын аныктаган. Анын ичинде 45 айдоочу рулга мас абалында отурганы аныкталды, 16 унаанын маңдайкы жана алдыңкы эшиктеринин айнектери караңгылатылганы үчүн айып токтотмосуна киргизилип, айдоочуларга айып пул салынды.



Мындан тышкары 285 автоунаа тийиштүү ылдамдыктан ашыра айдоого, тиешелүү документсиз башкаруу жана башка түрдүү эреже бузууларга айыпталып, айып токтотмосуна киргизилди.



Жол коопсуздугун сактоо мыйзамдарына ылайык, Кыргызстанда мас болуп машине айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн наркология мекемесине баруудан баш тартса, үч суткага камакка алынат.



Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган. Ага ылайык, мас абалында рулга отурган айдоочу унаа башкаруу укугунан эки жылга чейин ажыратылат. Эгерде экинчи жолу рулга мас болуп отурса, айдоочулук күбөлүктөн төрт жылга ажыратылат. Андан тышкары автоунаасы убактылуу мамлекетке алынат.




Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда айтылгандай, наркологияга баруудан баш тарткан айдоочулар эки жылга чейин рулга отура албайт.



Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы 7810 айдоочу мас абалында машине айдаганы аныкталып, айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган. Кыргызстанда мас болуп машине айдагандардын айынан адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы катталган окуялар бар. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Владимир Иванов

Бадминтонист Владимир Иванов возглавил минспорт Челябинской области






В Гостином дворе состоялось патриотическое событие «Синий платочек Победы»

Три автомобиля сгорели в автосервисе на северо-востоке Москвы

Разбор соперника: «Вулверхэмптон»

Всероссийская массовая гонка «Лыжня России» стартовала в Стругах Красных