16-февралдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6
Нарын облусунда тункүсүн -11…-16, күндүз -4…+1
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 3…5° болот.