ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч кишини бошотту
Александр Труфанов, Яир Хорн жана Саги Декел-Хен Газа тилкеси менен чек арага жакын жердеги Нир-Оз шаарынан барымтага алынган.
Үчөө тең Израилдин жараны. 46 жаштагы Яир Хорндон тышкары 29 жаштагы Александр Труфановдун орусиялык, ал эми 36 жаштагы Саги Декел-Хендин америкалык да жарандыгы бар. Алар радикал топтун колунда 497 күн кармалып турушту.
Бошотулган үч киши 15-февралда эл аралык Кызыл чырым уюмунун Хан-Юнис шаарындагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди, андан ары алар Израил армиясы турган чекке жеткирилет.
Хан-Юнисте аларды эл аралык уюмдун кызматкерлерине тапшырардан мурда ар бирине сөз беришти. Израил Телеграм-каналдары барымтадан бошотулгандарды ХАМАСтын согушкерлери даярдап берген текстти мажбурлап окутушканын маалымдашты.
Труфанов барымтага апасы, чоң энеси жана сүйлөшкөн кызы менен чогуу түшкөн, алар 2023-жылдын ноябрында бошотулган. Ал эми атасы 7-октябрдагы кол салуу учурунда окко учкан.
Яир Хорн Нир-Озго мейманга келген бир тууганы Эйтан менен чогуу кармалган. Эйтан Хорн Израил менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүнүн экинчи баскычында бошотулары айтылды.
Жалпысынан согушту токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи баскычында хамасчылар 33 кишини бошотушу керек. Ушул убакытка чейин 21 киши кое берилген. Алардын 16сы Израилдин, бешөө Тайланддын жарандары.
Ар кандай маалыматтар боюнча, туткунда дагы жетимиштей киши бар. Алардын отуз чактысы каза тапкан болушу мүмкүн.
Хамасчылар Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.
Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 48 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.