Түркмөнстандык активист Түркиядан чыгарылышы мүмкүн экенин билдирди
Бекжанованын сөзүнө караганда, ал Түркияда жашоосуна уруксат жокко чыгарылганы тууралуу маалыматты январдын аягында банктын билдирмесинен билген. Түрк бийлигинин чечими 2024-жылы октябрда эле чыкканы маалым болгон. Ушундан улам активисттин адвокаты миграция кызматына кайрылган, бирок расмий жооп ала алган эмес.
"Менин каттоом Түркмөнстандын элчилигинин өтүнүчү менен жокко чыгарылганын оозеки гана айтышты. Түркия менен Түркмөнстан ортосунда Бердымухамедовдун режимин сындагандарды кармап, депортациялоо тууралуу келишим бар экенин билем. Ушул келишимдин алкагында канчалаган түркмөн активисттерин, анын ичинде Мердан Маммедовду да Түркиядан жашырын алып чыгып кетишти", - деди ал.
Бекжанова түркмөн бийлиги ага мекениндеги үй-бүлөсү аркылуу кысым көрсөтүүгө аракеттенип жатканын, былтыр 24 жаштагы уулун уурулукка айыптап, кармашканын айтууда.
Умида Бекжанова HSM Habarlary деген аталыштагы Телеграм жана Ютуб каналдардын автору. Ал бул каналдары аркылуу Түркмөнстандагы жарандардын көйгөйлөрү тууралуу маалымдап турат.
2024-жылы августта Түркияга көз карандысыз Turkmen.news сайтынын редактору Руслан Мятиевди Түркмөнстан бийлигинин өтүнүчү менен кийирбей коюшкан. Ал үй-бүлөсү менен Анталияга эс алууга барган учурда аэропорттон Түркиянын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү адам катары мекенине кайтарылган.