Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы институт ачылды
Аземде сөз сүйлөгөн партиянын төрагасынын орун басары Иляс Топсакал жаңы ачылган институттун максаты Айтматовдун чыгармаларын ар түрдүү иш-чаралар аркылуу таанытуу, чыгармаларынын орток түрк алфавитинде басылышын камсыз кылуу жана түрк дүйнөсүндөгү жалпы маданий аң-сезимди чыңдоо экенин белгиледи.
Түркияда түптөлгөн Чыңгыз Айтматов атындагы институттун директорлор кеңеши 14 кишиден турары да кабарланды.
1-февралда Кыргызстан жана Түркиянын өкмөт аралык "Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашууну" бекитүү чечими кабыл алынган. Келишимге ылайык, эки өлкөдө маданий борборлор түзүлөрү, Бишкекте Юнус Эмре, Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борборлор курулары айтылган.
Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган "Ак кеме" жана "Кызыл жоолук жалжалым" повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн милдеттүү болгон "100 классикалык чыгарманын" тизмесине киргизген.
Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Өлкөнүн чоң шаарларында жазуучунун ысымы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактарга берилген.
Измирде Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик лицейи иштейт. (ElB)