Коомдук жайларда же коомдук транспортто бейтааныш адамдардын кучактап, кармалап же жыттап жиберген жосунсуз жоруктары, тилекке каршы, азыр кадимки көрүнүш болуп бараткандай. Жакында эле автобуста бара жаткан кызды кармалаган адамдын окуясы коомчулуктун көңүлүн буруп, катуу талкууга алынды.