Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

Австриядагы кол салууга шектелип сириялык жаран кармалды

0
Ишемби күнү Австриянын түштүгүндөгү Филлах шаарында белгисиз адам көчөдө жүргөн адамдарга бычак менен кол салганда 14 жаштагы өспүрүм каза болуп, беш адам ооруканага жаткырылды. Алардын үчөө реанимацияда. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.


Басылманын маалыматына караганда, полиция кол салган адам кармалганын билдирип, анын аты-жөнүн ачыктаган жок. Маалыматка караганда, окуяга шектелип буга чейин Австриядан башпаанек сураган 23 жаштагы сириялык жаран кармалган.


Австриянын ички иштер министри Герхард Карнер кол салган адам  "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапкери экенин билдирди. Карнер "ИМ террордук тобу шектүүнү интернет аркылуу тартканын, буга чейин полициянын назарына түшпөгөнүн" билдирди.




Полиция окуяны теракт катары карап жатат. Австриядагы оңчул партиялардын өкүлдөрү иммиграция эрежелерин катаалдаштырууну талап кылышты.


«Австриядагы Эркин Сирия коомчулугу» кыймылы социалдык тармактарда кол салууну айыптаган билдирүү жарыялап, каза болгон өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө көңүл айтты.


Associated Press Австрияда 2020-жылы “Ислам мамлекети” тобуна кошулууну көздөгөн адам көчөдө төрт адамды өлтүрүп, аны кармоо учурунда полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнүн жазды.


14-февралда Германияда "жоон топ элди машина менен сүзгөн" деген шек менен ооган жараны кармалган. Немис басылмалары ал буга чейин Германиянын өкмөтүнөн башпаанек сураган 24 жаштагы Фархад Н. атуу жаран экенин жазышкан.


Окуя 13-февралда болуп, 28 адам жаракат алганы кабарланган. Ал маалда жергиликтүү тургундардын демонстрациясы өтүп жаткан. Жабыркагандардын көбү ошол иш-чаранын катышуучулары болгон. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Россиянка Андреева за день выиграла два матча на турнире WTA-1000 в Дубае






Детскую музыкальную школу на улице Флерова в Дубне отремонтируют по госпрограмме

Минтруд: социальные пенсии планируется проиндексировать на 14,75% с 1 апреля

Врач Мясников оценил идею регулярно проверять репродуктивное здоровье женщин

"Динамо" объявило о переходе парагвайского защитника Касереса