ИИМ мектептерге камера коюлуп, бирдиктүү тутумга кошуларын маалымдады
“Биздин кызматкерлер күнү-түнү байкоо салып турушат”, - деди Абдиев.
Ал ошондой эле балдар арасындагы зордук-зомбулукка байланыштуу 30дан ашык жетекчи кызматтан бошотулуп, 40тай кызматкерге тартиптик жаза берилгенин айтты, бирок бул канча убакыт аралыгындагы көрсөткүч экенин тактаган жок.
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2200дөй мектептин баарында жашы жете электер менен иштөөчү инспектордун бөлмөсү ачыла турганын маалымдады.
Депутат Элдар Абакиров балдардын күндөлүгүнө же күн сайын колдонгон башка буюмдарына буллингге кабылган учурда кимге кайрылып, кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүргөн колдонмону жазып коюуну сунуштады.
Министр Кендирбаева бул боюнча атайын уюлдук тиркеме даярдалып жатканын билдирди.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.
Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны четке каккан.