Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка эмгектерди кабыл алуу мартта башталат
Президенттин администрациясы маалымдагандай, сыйлык үчүн тандоого 2023-2024-жылы жарыяланган көркөм сүрөт, музыка, театр, кино, драматургия, адабият (поэзия, проза) багытындагы эмгектер кабыл алынат.
Чыгармалардын жыйнактары, нускасы миңге жетпеген же көрсөтүлбөгөн, майда тамгалар менен, саптардын ортосу тыгыз басылган адабий чыгармалар, изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер, концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик сценарийлер кабыл алынбайт.
Токтогул сыйлыгына талапкерлер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана тиешелүү чыгармачыл бирикмелерге кайрылышы керек.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык Кыргызстандын жарандарына адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн берилет.
1965-жылдын 16-июнунда Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен кыргыз адабиятын жана искусствосун өнүктүрүү, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармалардын авторлорун сыйлоо максатында, акын Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата негизделген.
Сыйлык алгачкы жолу Токтоболот Абдумомунов, Гапар Айтиев, Муратбек Рыскулов, Виктор Виноградов, Аалы Токомбаевге ыйгарылган.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1995-жылы 13-ноябрында өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык кайрадан түзүлгөн. (ZKo)