Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

Сентябрдан бери Бишкектеги мектептерде 41 жаңжал катталды

0
2024-2025-окуу жылы башталгандан бери Бишкектин мектептеринде балдардын ич ара келишпестигинен улам 41 жаңжал катталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева 24.kg агенттигине билдирди.



Анын сөзүнө караганда  эки бала жана топ-тобу менен мушташкан, "мектептер, райондор аралык" деп бөлүнүп алып жаңжалдашкан учурлар бар. Бардык учурлар балдар иштери боюнча комиссияда каралып, айрым окуучулар Ички иштер министрлигинин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясына каттоого алынган.



"Өтө сейрек учурда гана жаңжалдар мектепте болбосо, көбүнчө сыртта же эс алуу мезгилдеринде болот. Класс жетекчилер мектептен тышкаркы убакта балдар ата-энелердин жоопкерчилигинде болорун дайыма эскертип келишет. Бактыга жараша, бизде жарандык коом активдүү, балдар чогулуп атканын көрөрү менен 102ге чалгандар бар. Ушундай чалуулар канчалаган жаңжалдын алдын алууга шарт түздү", - деген Турдубаева.



Ал балдарды үйдө бири-бирин сыйлоого, өздөрүнүн укугун билүү менен кошо эле башкалардын да укуктарын сыйлап, мыйзам алдындагы жоопкерчилигин билүүгө үйрөтүү керектигин эскертти.



Турдубаеванын маалыматына ылайык, борбор калаадагы мектептердин ар бирине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан жашы жете электер менен иштөөчү кызматкер бекитилген. Жыл сайын жаңы окуу жылынын башталышында балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу үчүн мэриянын алдындагы түзүмдөр аралык план түзүлөт. Укук бузуулар, зордук-зомбулук боюнча жумалыктар өткөрүлүп турат. Класстарда мушташ, буллинг, зомбулук, рэкэтчилик, баңгизатка көз каранды болуунун зыяны жана башка темаларда балдар менен аңгемелешүү, класстык саат, милиция кызматкерлеринин катышуусунда лекциялар өткөрүлөт.



Жаңы жылдан бери борбор калаада мектепте балдар сабалган эки учур катталган. 21-январда Бишкектеги №72 орто мектептин дааратканасында сабалган 8-класстын окуучусу ооруканада эки жума жатып, каза болгон. Бул окуя боюнча милиция 9-класстын окуучусун "зомбулукка жана опузалап талап кылууга" шек санап кармап, камакка алган.



Өткөн аптада Кара-Суу районунда 9-11-класстардын окуучулары мушташып, жыйынтыгында 9-класстын окуучусу ооруканада көз жумган.




Мектеп окуучусунун өлүмү менен коштолгон дагы бир жаңжал Кант шаарындагы №3 мектепте катталып, 2008-жылы туулган бала катуу сабалган. Окуучу ооруканада өзүнө келбей жан берген. Аймактык милиция бул окуяга шектүү катары аталган мектептин 10-классынын окуучусу Р.А.ны кармап, камакка алган.



Өткөн жумада Баткенде жана Жумгалда өспүрүмдөрдүн пикир келишпестиги бычакташууга чейин жеткен. Эки учурда тең бирден бала бычак жеп, ооруканага түшкөн.



Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублёв уверенно обыграл Бублика на старте турнира ATP-500 в Дохе






Обрушилась крыша и стены: в Москве произошёл пожар в Институте вычислительной техники. Что известно

Кубань заняла третье место в списке регионов, где было введено наибольшее количество нежилых зданий в 2024 году

Вертолет трижды сбросил воду для тушения здания института на Варшавском шоссе

Швейцарская гвардия проводит тренировку похорон папы Римского, сообщают СМИ.