Улуттук илимдер академиясына киреше табууга уруксат берүү сунушталды
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баяндама жасап, академиянын киреше булагынын тизмесин кеңейтүү сунушталып жатканын маалымдады. Мында академиянын имаратын ижарага берип, андан түшкөн каражатты илимий изилдөөлөргө жумшоого жол берилет.
“Мамлекеттик ички жана эл аралык изилдөө долбоорлоруна катышуу, имараттарын ижарага берүү аркылуу киреше табуу эркиндиктери берилди”, - деди Кендирбаева.
Мындан тышкары академиянын президенти буга чейин шайлоо жолу менен тандалып келсе, эми аны президент тарабынан дайындоо сунушу берилүүдө. Ал эми академиянын вице-президенттери Министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов былтыр академияга 499 миллион сом бөлүнсө, быйыл 510 миллион каралганын маалымдады. Ал буга чейин илимий кызматкердин орточо айлыгы 13 миң сом болуп келгенин, эми эки эсеге көтөрүлгөнүн кошумчалады.
Депутат Аида Исатбек кызы Улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн каражат көбөйгөнү менен жетишсиз экенин белгилеп, академияны кошумча каражат табууга чакырды.
“Акыркы он жыл ичинде Сейсмология институтуна бир да литр бензин беришкен эмес. Бизде кыдырып турушубуз керек болгон 19 сейсмологиялык станция бар. Бул станцияларды да институт мамлекеттин эмес, эл аралык фонддордон алган каражатка сатып алган. Биздин өлкө сейсмологиялык мониторингди мыкты жүргүзгөндөрдүн катарында. Сиз туура айтасыз, академиядагы бардык институт ушундай иштесе болмок жана буга милдеттүү болчу. Бизге азыр “болбогон” каражат бөлүнүп жатат жана буга кубанып атабыз. Бул биздин катачылыгыбыз, кайгыбыз, биз бул жатта иш алып барабыз”, - деп жооп берди Абдрахматов.
Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда Улуттук илимдер академиясынын имараты оңдолуп, материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргөнүн, илимий кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн билдирген.
Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.