Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кыймылсыз мүлктү кайра каттоодо салык карызы боюнча маалымкат "Кадастрдан" автоматтык түрдө берилет

0
Салык кызматы мындан ары кыймылсыз мүлктү кайра каттоодо анын салыктык карызы жок экенин далилдеген маалымкат талап кылбай турганын билдирди. Мындай чечимди мекеменин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов кабыл алганы 17-февралда жарыяланды.


“Мындан ары салык карызы бар же жок экени тууралуу маалымат автоматтык түрдө "Кадастрда" жеткиликтүү болот. Карыз болгон учурда, кыймылсыз мүлктү сатуучулар анын суммасы жана онлайн төлөө мүмкүнчүгү жөнүндө дароо маалымат алышат. Карызды төлөгөндөн кийин, бүтүмдү дароо тариздөөгө болот”, - деп жазылган маалыматта.


Мындай чечим коррупциялык тобокелдикти жана бюрократиялык көрүнүштөрдү азайта турганы белгиленген.


Учурда кыймылсыз мүлктү кайра каттоо учурунда анын салыктык карызы жоктугун далилдеген маалымкат талап кылынат.


Президент Садыр Жапаров былтыр жыл соңунда Салык кызматынын ошол кезде жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго салыктык талаптарды жөнөкөйлөштүрүү талабы коюлганын билдирген.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев отметил положительные аспекты отстранения Синнера






В аэропортах Кемерова и Новокузнецка задержаны 5 авиарейсов

В Новой Москве напали на полицейских: Один подозреваемый задержан

Уход, терапия, внимание: как помочь человеку с деменцией

Дептранс сообщил о затруднении движения в районе пожара на Варшавском шоссе