Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кардиохирургия институтундагы өрттө жабыркаган эки баланын абалы оор

0
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттө жабыркаган эки баланын абалы дагы эле оор.  Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 17-февралда билдиргендей, алар реанимация бөлүмүндө жатат.


Өрттөн улам башка ооруканага которулгандардын ичинен 25 бейтап дарыланууну уланууда, калгандары абалы канааттандырарлык деп табылып, үйүнө жиберилген.


11-февралдын кечинде институтта өрт чыгып, 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапкан.


Өрт чыккан учурда ооруканада жалпы 104 адам болгон. 50 бейтап (19у балдар), аларды карап жаткан 32 адам жана 22 медициналык кызматкер. 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, эки бейтап Улуттук госпиталга, 15 бейтап Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. 19 адам үйүнө дарыланууга чыккан.




Өрт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.


Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Медведев обошел Джоковича в рейтинге ATP, став шестой ракеткой мира






Строительство газобетонного завода в ЗелАО вышло на финальный этап

Депутаты Карелии показали себя в стрельбе с лучшей стороны

Вашингтон демонстрирует неуважение к Европе на фоне переговоров в Эр-Рияде

марина ангелочек