Навальныйды эскерүү акцияларында кеминде 26 киши кармалды
Кармалгандардын көбү Новосибирскиде – 10. Москвада жана Уфада полиция кызматкерлери үчтөн киши кармаган, Воронежде бирөө. Ошондой эле Белгороддо, Екатеринбургда, Нижний Новгороддо, Пермде, Санкт-Петербургда, Ухтада, Ульянов жана Челябинскиде кармалгандар бар экени тууралуу маалымат түшкөн.
Укук коргоочулар билдиргендей, кармалгандардын көбү протокол түзүлбөй эле бошотулган. Мындан тышкары милиция кызматкерлери митингчилерди видеого тартып, бир катар шаарларда гүл коюлган эстеликтерди талкалашкан. Айрым аймактарда эстеликтердин жанына барууга тыюу салынып, жолдор тосулганын “ОВД-Инфо” маалымдады.
Орусиянын бийлиги Навальныйды "террорчулар менен экстремисттердин" тизмесине киргизген, анын өлүмүнөн кийин да атын жана сүрөттөрүн жарыялоо экстремизмге үгүттөө деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу бар. "Вёрстка" басылмасы Навальныйдын атын атаганы үчүн эле Орусияда 500дөн ашуун адам куугунтукка алынганын белгиледи. Маалыматка ылайык, аларга акчалай айып салынып же камалган.
Алексей Навальный Ямало-Ненец автоном аймагындагы шарты катаал түрмөдө туура бир жыл мурун 47 жашында каза тапкан. Анын сөөгү Москвадагы Борисов көрүстөнүндө жерге берилген. Аны менен коштошууга миңдеген киши барган.