Австриядагы кол салууга шектүүнүн террордук топко тиешеси бар экени аныкталды
Карнер бул окуяны "интернет аркылуу тез радикалдашкан адамдын чабуулу" деп атады. Шектүүнүн батирин тинтүү учурунда аталган экстремисттик уюмдун желеги жана диний радикалдык идеяларга тиешелүү далилдер табылган. Соңку маалыматтарга караганда, кылмышкерге жардамдашкандар болгон эмес.
Министр Сирия менен Ооганстандан барган жана Австриядан башпаанек сураган жарандарды текшерген жапырт рейддер өткөрүлөрүн кошумчалады.
15-февралда Филлах шаарында 23 жаштагы сириялык жаран көчөдө бараткан адамдарга бычак менен кол салганда, 14 жаштагы өспүрүм каза тапкан.
Жараат алган беш адамдын айрымдарынын абалы оор. Алардын арасында 15 жаштагы өспүрүм бар.
Шектүү Австрияда мыйзамдуу жашаганы, мурда соттолбогону жана башкалка сурагандардын катарында экени маалым болду.
Австрияда учурда 100 миңге жакын сириялык качкын жашайт.