Нарын облусундагы Соң-Көлдө кышкысын бир метрден ашык муз тоңуп, ага барчу ашуулар жабылат. Бирок соңку жылдары кышкы Соң-Көлдү көргүсү келген туристтердин саны көбөйүп, алар ат менен эки-үч күн жол жүрүүгө даяр. Европадан келген конокторду Жумгал районунун Кызарт айылынын тургундары тосуп алып, үч күндүк саякат уюштуруп жатышат. “Азаттык” алар менен чогуу Соң-Көлгө чейин барып келди.