“Кыргызстан укук коргоо кыймылы” президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Социал-демократтар партиясынын лидери, тергөө абагындагы Темирлан Султанбековду бошотууну өтүндү. Султанбековго эки партиялашы менен чогуу былтыр 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу кылмыш иши козголгон. Ошондон бери анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылган. Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет. "Азаттык" радиосу “Кыргызстан укук коргоо кыймылынын” жетекчиси, мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акунду кепке тарттык.