Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгине түшкөн мыйзамсыз курулуштардын баары алынып, дарыянын корукка кирген зонасы толук бошотула турганын жарыялады. Экс-мэр Мэлисбек Мырзакматовдун жеке менчиги делген 2,5 гектар жер тилкесин дагы мамлекеттин карамагына алуу тууралуу аракеттер башталганын шаардык бийлик билдирди. Өткөн жылдын жай айында Ак-Буура дарыясы нугунан чыгып, Ош шаарын суу каптап, борбордук базарда ишкерлер чыгымга учураган. Селден беш киши каза тапкан.