УКМК Араван райондук сотунун судьясы кармалганын билдирди
УКМК шектүү катары кармалган судьяны жеке кызыкчылыгын көздөп, жарандардын биринин жер тилкеси боюнча менчик укугун таанып, "билип туруп, адилетсиз чечим чыгарган" деп айыптап жатат.
“Бул чечим 2023-жылы 25-январда сот отуруму учурунда каза болгон күбө А.К.нын көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылган. Бирок аталган жаран өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнө ылайык 2023-жылы 1-январда каза болгон”, - деп айтылат билдирүүдө.
Атайын кызмат сот отурумунун протоколунда процесстин жүрүшүндө эки күбө суралгандыгы жазылганын, бирок тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук териштирүүгө катышпагандыгы аныкталган деп билдирди. УКМК бул жагдайлар күбөлөрдүн жана соттук кол жазма экспертизасынын корутундусу менен тастыкталганын белгиледи.
Судьялар кеңеши 13-февралда башкы прокурордун Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясын (Д.Н.Б.) жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү өтүнүчүн карап канааттандырган.
Учурда шектүүгө каршы Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына камалды.
Шектүүнүн инициалы Араван райондук сотунун судьясы Джолбунов Нурбек Болотбековичке туура келет. Судьянын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (TSh)